Кээде жѳтѳл ѳтѳ кѳп жагымсыздыктар менен түйшүктѳргѳ алып келет!

Табият менен илимдин чогуу аракетинин жыйынтыгы Гербион сироп жана таблеткаларында.

Гербион

ЖѲТѲЛ ТУУРАЛУУ

Жѳтѳл – бул дем алуу жолдорунун организмге керексиз нерселерден: жат бѳлүкчѳлѳрдѳн, майда чаӊдардан же микроорганизмдерден арылуу рефлекси.

Жѳтѳл – дем алуу системасынын ооруларынын башкы симптомдорунун бири, жана адамдардын медициналык жардам сурап кайрылуусуна себеп болгон кѳп кездешүүчү кѳйгѳй1.

Жѳтѳл катуу (3 аптадан азыраак), анча катуу эмес (3 аптадан 8 аптага чейин) жана ѳнѳкѳт (8 аптадан кѳп)2 формада болушу мүмкүн.

Катуу жѳтѳлдүн кеӊири жайылган себептерине респиратордук вирустук жана бактериялык инфекциялар кирет1.

ЖѲТѲЛДҮН ТҮРЛѲРҮ

Жѳтѳл кургак жана какырыктуу болушу мүмкүн1. Булардын ортосунда абдан чоӊ айырмачылык бар.

КУРГАК ЖѲТѲЛ

Кургак жѳтѳл дем алуу жолдорунда сезгенүүнүн башында, какырык чыга элек кезде пайда болот. Мындай жѳтѳлдүн эч кандай пайдасы жок, адамды чарчатып, алы-күчүн кетирип, түнкүсүн уктатпайт жана булчуӊдардын оорушу менен коштолот.
 

КУРГАК ЖѲТѲЛ

Кургак жѳтѳлдѳ кандай үн чыгарын байкап кѳрүӊүз.

Кургак жѳтѳлдѳ аны басаӊдатып, какырыктуу (ѳнүмдүү) жѳтѳлгѳ айланта турган жѳтѳлгѳ каршы препараттар колдонулат1.

КАКЫРЫКТУУ ЖѲТѲЛ

Какырыктуу жѳтѳл кѳбүнчѳ алдыӊкы дем алуу жолдорунун инфекциясында болот.
Мындай жѳтѳлдѳ сѳзсүз түрдѳ какырык бѳлүнүп чыгат1. Эгер какырык илээшкек болсо, анда мындай жѳтѳл азаптуу болуп, илээшкек какырыкты чыгаруу кыйынга турат.

КАКЫРЫКТУУ ЖѲТѲЛ

Какырыктуу жѳтѳлдѳ кандай үн чыгарына кѳӊүл буруӊуз.

Какырыктуу жѳтѳлдү какырыкты жумшартып-суюлтуучу жана чыгаруучу (какырык чыгаруучу) препараттар менен дарылашат.

Жѳтѳлдү айырмалай билүү абдан маанилүү. Себеби, кургак жѳтѳл башкача, какырыктуу жѳтѳл башкача дарыланат. Мындан тышкары, дарылоодо жѳтѳлгѳ каршы препараттар менен какырык чыгаруучу препараттарды чогуу колдонууга болбойт.

КУРЧ МҮНѲЗДѲГҮ РЕСПИРАТОРДУК ВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯЛАР

Ар бир адам ѳзүнүн жашоосунда курч мүнѳздѳгү респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен бир нече жолу ооруйт6.

КРВИ оорусун 200дѳн ашык вирус пайда кылат. Вирустар – бул майда микроорганизмдер4,5. Вирустар түрдүү түркүмдѳргѳ жана топторго кирет жана ѳз ара айырмаланып турушат.

Козгогучтардын КРВИни пайда кылуусунун жыштыгы боюнча, вирустарды азаюу тартибинде кийинки топторго ажыратууга болот: риновирустар, коронавирустар, RS-вирустар, парагрипп вирустары, аденовирустар, грипптин вирустары4,5,6. Дүйнѳ жүзү боюнча инфекциялык илдеттердин 90 % грипп жана грипп сымал оорулар менен байланыштуу7.

КУРЧ МҮНѲЗДѲГҮ РЕСПИРАТОРДУК ВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯЛАР

КУРЧ ВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯЛАР ЖУГУШТУУ БОЛОТ

КРВИнын булагы болуп, оорулуу адам же вирусту алып жүрүүчү эсептелет6.

Инфекция эки жол менен тарайт4,5,6:

  • Аба-тамчы жолу (жѳтѳлгѳндѳ, чүчкүргѳндѳ). Вирустар бул жол менен ѳтѳ тез жайылышат.
  • Контакттык жол (жуулбаган колдор, сүлгү-шейшеп, оюнчук жана башка буюмдар менен жерлер).

Ошондуктан, вирустук инфекциялар кѳп чыккан мезгилде тѳмѳнкүдѳй алдын алуу чараларын кѳрүү абдан маанилүү4,5,6:

  • коомдук жайларда беткап тагынуу;
  • колду таза жууп туруу, антисептик колдонуу;
  • кишилер кѳп чогулган жерлерге барбоо (кинотеатр, дүкѳн, дарылоо мекемелери ж.б.)

ЖѲТѲЛ ЖАНА КРВИ – БАЙЛАНЫШЫ БАРБЫ?

Катуу жѳтѳл кѳбүнчѳ КРВИ менен байланыштуу.

Эреже катары, оору башталган мезгилде жѳтѳл кургак, жадатма болуп, кѳбүнчѳ түнкүсүн уйкуга тоскоол болот, күн бою физикалык активдүүлүктүн тѳмѳндѳшү, кыжырдануу, булчуӊдардын оорушу менен коштолот3.

Бир эле симптомдон мына ушунча жагымсыз нерсе пайда болот1.

Бир нече күн ѳткѳн соӊ, кургак жѳтѳл какырыктуу жѳтѳлгѳ айланып, какырык бѳлүнүп чыга баштайт.

Жѳтѳлдѳн тышкары, вирустук инфекциянын башка симптомдору да байкалышы мүмкүн: дене табынын кѳтѳрүлүшү, мурундун бүтүшү, тамактын кычышуусу же ооруусу, алсыздык, чарчоо, баш оору3,6.

Гербион жѳтѳл менен күрѳшѳт!

Гербион ѳсүмдүк тектүү компоненттери жѳтѳлдү жеӊип чыгууга жардам берет!

Гербион бака жалбырак сиробу кургак жѳтѳлдү жеӊилдетүүгѳ жардам берсе, Гербион чырмоок сиробу какырыктуу жѳтѳлдѳ какырыктын жумшарышына жана бѳлүнүп чыгуусуна жардам берет.

Гербион бака жалбырак сиробу

Гербион бака жалбырак сиробу
  • Кургак жѳтѳлдү жеӊилдетет
  • Үстүӊкү дем алуу жолдорунун инфекцияларынын таасирин азайтат
  • Жагымдуу цитрус даамы бар
  • Чоӊдор жана 2 жаштан жогору балдар үчүн жарамдуу
Колдонуу ыкмасы жана дозасы
Чоӊдорго жана 14 жаштан жогору балдаргакүнүнѳ 3-5 жолу 2 ѳлчѳм кашыгы (10 мл)
7 жаштан 14 жашка чейинки балдаргакүнүнѳ 3 жолу 1-2 ѳлчѳм кашыгы (5-10 мл)
2 жаштан 7 жашка чейинки балдаргакүнүнѳ 3 жолу 1 ѳлчѳм кашыгы (5 мл)

НУСКАМАНЫН САЛМАСЫ

Гербион чырмоок сиробу

Гербион чырмоок сиробу
  • Какырыкты жумшартат жана аны чыгарууну жеӊилдетет
  • Бронхоспазмолитикалык таасирге ээ
  • Курамында шекер жок
  • Жагымдуу табигый мелиссанын даамы бар
  • Чоӊдор жана жаны тѳрѳлгон балдар үчүн жарамдуу
  • Бир курс дарыланууга жете турган 150 мл флакон түрүндѳ чыгарылат
Колдонуу ыкмасы жана дозасы
Чоӊдорго жана 12 жаштан жогору балдаргакүнүнѳ 2 жолу 5-7,5 мл сироп
4 жаштан 12 жашка чейинки балдаргакүнүнѳ 3 жолу 5 мл сироп
Ымыркайларгакүнүнѳ 2 жолу 2,5 мл сироп

НУСКАМАНЫН САЛМАСЫ

Гербион чырмоок соруу учун таблеткалар

Гербион плющ таблетки для рассасыаания
  • Какырыкты жумшартат жана аны чыгарууну жеӊилдетет
  • Бронхоспазмолитикалык таасирге ээ
  • Курамында шекер жок
  • Жагымдуу табигый карамель жана цитрус даамы бар
  • Чоӊдор жана 6 жаштан жогору балдар үчүн жарамдуу
  • Соруу үчүн арналган таблетка түрүндө чыгарылат. Күнүнө 3 жолу колдонулат
Колдонуу ыкмасы жана дозасы
Чоӊдорго жана 6 жаштан жогору балдаргакүнүнѳ 1 таблеткадан 3 жолу

НУСКАМАНЫН САЛМАСЫ

Видео роликти кѳрүп чыгыӊыз

ЖѲТѲЛГѲ КАРАТА ЖАЛПЫ СУНУШТАР6:

  • Мүмкүн болушунча кѳбүрѳѳк суюктук, маселен суу же таттуу эмес чай (чоӊдор үчүн күнүнѳ 2-3 литр, балдар – 1 литрге чейин) ичүү керек. Кургак жѳтѳлдѳ кошумча суюктук ичүү – жѳтѳлдү жумшартат, ал эми какырыктуу жѳтѳлдѳ – илээшкек какырыкты суюлтат.
  • Бѳлмѳнүн ичиндеги абанын нымдуулугун текшериӊиз. Нымдуу аба дем алуу жолдоруна жакшы таасир тийгизет.
  • Кѳбүрѳѳк эс алыӊыз / физикалык активдүүлүктѳрдү азайтыӊыз. Зарылчылык келип чыккан учурда тѳшѳк режимин сактаӊыз.
  • Булганган абада, тамекинин түтүнүндѳ жана муздакта жүрбѳӊүз.

КАЙСЫ УЧУРДА ДАРОО ДАРЫГЕР МЕНЕН КЕҢЕШҮҮ ЗАРЫЛ8:

  • Оорунун симптомдору ѳтпѳй жатса;
  • Демигүү (дем алуууда кыйынчылык) пайда болсо;
    Дене табы кѳтѳрүлсѳ;
  • Жѳтѳлгѳндѳ ириӊ же кан аралаш какырык чыкса;
  • 4 жашка чейинки балдарда жѳтѳлдү дарылоого киришүүдѳн мурун медициналык диагноздун коюлушу талап кылынат.

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР8:

Гербионду чай же суу менен ичүүгѳ болобу?

Жѳтѳлдү дарылап жаткан мезгилде мүмкүн болушунча кѳбүрѳѳк суюктук ичүү зарыл (чоӊдор үчүн күнүнѳ 2-3 литр, балдарга – 1 литрге чейин). Кургак жѳтѳлдѳ кошумча суюктук ичүү – жѳтѳлдү жумшартат, ал эми какырыктуу жѳтѳлдѳ – илээшкек какырыкты суюлтат.

Бирок Гербион® бака жалбырак сиробун ичкенден кийин, анын компоненттеринин жакшыраак таасир этүүсүн камсыздоо үчүн дароо суюктук ичүү сунушталбайт. Себеби, Гербион бака жалбырак сиробунун былжырлуу компоненттери ооз кѳӊдѳйү менен тамактын былжырлуу челинде жука коргоочу катмарды пайда кылып, былжырлуу мембраналарды жѳтѳл рефлексин жаратуучу козгогучтардан коргоп, кургак жѳтѳлдү жеӊилдетет.

Гербион сиробун ачылган флакондо канча убакыт сактаса болот?

Флакон ачылгандан кийин пайдалануу мѳѳнѳтү – 3 ай.

Гербион сироптору ачылгандан кийин муздаткычта сакталышы керекпи?

Гербион сиропторун флаконду ачканга чейин да, ачкандан кийин да муздаткычта сактоонун кереги жок.

Гербион сиропторун качан ичүү керек: тамакка чейинби же тамактан кийинби?

Гербион бака жалбырак сиробу менен Гербион чырмоок сиробун тамактанууга карабай колдоно берсе болот.

Адабияттар:

  1. Василевский И.В. Дифференциальная диагностика и терапия кашля у детей и подростков: Учеб-метод пособие / И.В.Василевский. – Минск.: БелМАПО, 2006. – 44 с.v
  2. Выпуск 6. Кашель. Как осмотреть больного за 12 минут? ГБОУ ВПО МГМСУ им.Евдокимова, Кафедра терапии, клинической фармакологии и скорой медицинской помощи, М., 2016
  3. Геппе Н.А., Колосова Н.Г., Фарбер И.М. и др. Рациональная фитотерапия кашля у пациентов с острой респираторно-вирусной инфекцией. Педиатрия (Прил. к журн. Consilium Medicum). 2017; 3: 40–44
  4. NCDHHS: Infectious Respiratory Diseases. NC Department of Health and Human Services, 2018, [cited 2019 Apr 25]. Available from: https://epi.publichealth.nc.gov/cd/diseases/respiratory.html
  5. Balentine JR, Nabili SN, Shiel Jr. WC. Upper Respiratory Tract Infection (URTI) [internet]. Medicine Net, San Clemente, [cited 2019 Apr 23]. Available from: https://www.medicinenet.com/upper_respiratory_infection/article.htm# upper_respiratory_tract_infection_definition_and_facts
  6. Возбудители острых респираторных вирусных инфекций: учеб. пособие / М. И. Морозова, В. Л. Мельников, Н. Н. Митрофанова. – Пенза : Изд-во ПГУ, 2015. – 80 с.
  7. Коротяев, А. И. Медицинская микробиология, иммунология и вирусология / А. И. Коротяев, С. А. Бабичев.  СПб. : СпецЛит, 2002. 591 с.
  8. Инструкция по медицинскому применению лекарственного средства Гербион сироп подорожника и лекарственного средства Гербион сироп плюща.
  9. © “Здоровые лёгкие”2014-2019 онлайн-журналы

Каршы көрсөтмөлөрү бар. Колдонуунун алдында нускама менен таанышып чыгыңыз.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto