Балаңыз жөтөлгөндө тынчсызданышыңыз керекпи?

Должны ли Вы беспокоиться по поводу кашля вашего ребенка?

Балдардын жөтөлү көп учурда зыянсыз болсо да, ата-энелерди тынчсыздандырат. Өзгөчө жаш балдардын жөтөлү уйку көйгөйлөрү, күнүмдүк жашоонун жана иштин, мисалы, ойноонун бузулушу жана окууга тоскоолдук кылуу, мектептен, бала бакчадан же мектептен тышкаркы сабактардан калуу сыяктуу көптөгөн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Бул балдардын жашоо сапатына таасирин тийгизет жана ата-энелер үчүн тынчсыздануунун жана алсыздык сезиминин себеби болот.

Эмне үчүн балдар көп жөтөлүшөт?

Жөтөлгө эмне себеп болгонун түшүнүү үчүн, алгач жөтөл деген эмне экенин түшүнүшүбүз керек. Медициналык көз караштан алганда, жөтөл – бул физиологиялык рефлекс. Жөтөл дем алганда дем алуу жолуна кокусунан түшкөн бөтөн бөлүкчөлөрдү (чаң, тамак-аш бөлүкчөлөрү) жок кылат. Ошондой эле жөтөл дем алуу жолдорунун ички бетин каптаган клеткалар сезгенгенде пайда болгон өлгөн клеткаларды жана ашыкча былжырды кетирет. Бул аларды тазалоого жана дем алуу системасын потенциалдуу коркунучтардан коргоого жардам берет.

Бул практикада кандай иштейт. Биздин денебизде ар кандай химиялык жана механикалык дүүлүктүргүчтөр дүүлүктүрүшү мүмкүн болгон жөтөл рецепторлору бар. Бала кезинде балдар жана алардын организми бир катар өзгөрүүлөргө кабылат. Балдардын дем алуу жолдору жана нерв системасы дагы деле анатомиялык жана физиологиялык жактан өнүгүп жаткандыктан, алардын жөтөл борбору курчап турган чөйрөдөгү айрым дүүлүктүргүчтөргө (мисалы, тамеки түтүнү, жабык жайлардагы кургак аба, күчтүү жыттар, стресс (мисалы, бала бакчага барып баштаганда), абанын булганышына сезгич келет. Ошондуктан жөтөл балдарда көп кездешет.

Кээде балдардын жөтөлү бөтөн телолорду (мисалы, оюнчуктун майда бөлүкчөлөрүн) дем алуунун кесепети болушу мүмкүн.

Балаңыздагы жөтөлдүн түрүн кантип аныктоого болот

Кашель у детей

Жөтөлдүн түрүнө жараша дарылоонун ар кандай методдору болот. Көбүнчө балдардагы жөтөл канча убакытка созулганына жана кайсы жерде таркалганына жараша аныкталат. Жөтөлдүн узактыгына жараша курч, курч эмес жана өнөкөт жөтөл деп бөлүнөт.

КУРЧ ЖӨТӨЛ

Курч жөтөл 3 жумага чейин созулат. Негизинен аны жогорку дем алуу жолдорунун вирустук инфекциялары пайда кылат (бул инфекция мурунда жана тамакта жайгашкан, жогорку дем алуу жолдорунда турганын түшүндүрөт). Жөтөл менен коштолгон жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары (алардын көпчүлүк бөлүгүн суук тийүү түзөт) мектеп окуучуларында негизинен жылына 7-10 жолу болот. Бардык балдардын 50%ы курч жөтөлдөн 10 күндө айыгат.

КУРЧ ЭМЕС ЖӨТӨЛ

Курч эмес жөтөл – бул курч жөтөлдөн көпкө – 3 жумадан 8 жумага чейин созулган жөтөл. Негизинен себеби жогорку дем алуу жолдорунун туруктуу вирустук инфекциясы же курч жөтөлдөгү сыяктуу эле бактериялык инфекция болуп саналат. Башкача айтканда, курч эмес жөтөл – бул көпкө созулган жөтөл.

ӨНӨКӨТ ЖӨТӨЛ

Эгер жөтөл 8 жумадан кийин дагы сакталса, бул өнөкөт жөтөл деп айтылат жана инфекция бронхторго зыян келтирип, төмөнкү дем алуу жолдоруна таралат. Дарыгер жөтөл өзгөчөбү же өзгөчө эмеспи аныктайт.

Балаңыз өзүнүн жөтөлүн кантип сүрөттөйт?

Кашель у детей

Эгерде балаңыз эмне үчүн көп жөтөлөт деп тынчсызданып жатсаңыз жана дарыгер текшергенде баары таза болсо, анда бул жөтөл рецепторлорунун жогорку сезгичтиги менен байланыштуу болушу мүмкүн, балким инфекциядан кийин да болушу мүмкүн.

Балдарда пайда болгон жөтөлдүн дагы бир классификациясы – бул жөтөлдүн сезилишине байланыштуу. Ага ылайык, жөтөлдүн төмөнкү түрлөрү бар.

КУРГАК ЖӨТӨЛ

Кургак жөтөл балдарда көп кездешет жана көбүнчө пастилкалар жана сироптор сыяктуу, рецептсиз бериле турган каражаттардын жардамы менен жок кылынат. Балдар бул жөтөлдү дем алуу жолдорунун дүүлүгүүсүнөн улам тамактын сайгылашуусу катары сүрөттөшү мүмкүн. Кургак жөтөл былжыр бөлүп чыгаруу менен коштолбойт жана аны негизинен суук тийүү же сасык тумоо пайда кылат.

“КАКЫРЫК” НЫМДУУ ЖӨТӨЛ

Нымдуу жөтөл же медицинада “какырык жөтөл” деп аталган – бул тамакта жана бронхтордо бөлүнүп чыгуучу былжырдан арылткан жөтөл. Балдардагы нымдуу жөтөл суук тийүүнүн же сасык тумоонун, ошондой эле курч бронхиттин белгиси болушу мүмкүн. Какырык жөтөл коюу былжырды суюлткан жана жөтөлүп какырык түкүрүүгө көмөктөшкөн дары-дармектер – какыртуучу каражаттар, мисалы, пастилкалар жана сироптор менен дарыланат.

Эгер сиз жалпысынан жөтөл жөнүндө билүүнү кааласаңыз, жөтөл тууралуу макалабызды окуңуз.

БРОНХИТ

Бронхит – бул кеңири таралган бронх түтүгүнүн (бронхтордун) сезгениши. Бул медициналык жардам зарыл болгон оорулардын бири. Аны вирустар да, бактериялар да козгойт жана 3 жумага жетпеген убакытка созулат. Оорунун белгилери жөтөл, сары же жашыл түстөгү коюу былжыр болушу мүмкүн жана мурундун агышы же бүтүшү, чарчоо, булчуңдардын оорушу, калтыратма, баш оору же көкүрөктүн ооруганы менен коштолушу мүмкүн.

БРОНХИОЛИТ

Балдарда таралган вирустук инфекция бронхиолит болуп саналат. Ал бронхиолдор деп аталган майда дем алуу жолдорунда сезгенүүнү пайда кылат. Дем алуу жолдору шишип жана былжыр толуп калышы мүмкүн. Бул оору бардык куракта пайда болушу мүмкүн, бирок кичинекей балдарда жана ымыркайларда көп кездешет. Бронхиолит менен ооруган көпчүлүк балдар 2-3 жума ичинде айыгат. Оору белгилери жөтөлдү жана энтигүүнү, ошондой эле кырылдоону камтыйт.

ӨПКӨ СЕЗГЕНИШИ (ПНЕВМОНИЯ)

Өпкө сезгениши – бул өпкө инфекциясы, ал жөтөлдөн тышкары башка оору белгилери менен, өзгөчө дене табынын көтөрүлүшү жана дем кысылуу менен коштолот. Бул өзгөчө балдарда олуттуу оору болуп саналат. Өпкө сезгенишин бактериялар же вирустар пайда кылышы мүмкүн. Дарылоо баланын курагына, өпкө сезгенишинин оордук даражасына, ошондой эле аны бактериялар же вирустар пайда кылганына жараша болот.

ФАРИНГИТ ЖЕ ТАМАК ООРУ

Бул кулкундун инфекциясы же дүүлүгүүсү. Негизинен бул ооруну вирус пайда кылат, бирок бактериялар, токсиндер же аллергендер фарингиттин себеби болушу мүмкүн. Бактериялар, вирустар же токсиндер кулкундун былжыр челине кирип, бул жергиликтүү сезгенүү реакциясын пайда кылат. Бул оорунун белгилери тамактын кызарышы, оору, кыйналып жутуу жана кургак жөтөл болуп саналат.

ЛАРИНГИТ (ТАМАКТЫН СЕЗГЕНИШИ)

Ларингит – бул дүүлүгүүдөн, ашыкча колдонуудан же инфекциядан келип чыккан, коконун же үн аппаратынын сезгениши. Белгилери жана симптомдору кырылдоо, кургак жөтөл, тамак оору жана дем кысылуу. Кээде бул оору күрсүлдөгөн жөтөл (же кысылуу) деп аталат, анткени дем алганда ышкырык менен жогорку жыштыкта үн чыгарышы мүмкүн.

ТРАХЕИТ (КЕКИРТЕКТИН СЕЗГЕНИШИ)

Бул трахеянын (кекиртектин) сезгениши. Аны көбүнчө жогорку дем алуу жолдорунун вирустук инфекцияларынан кийин болуучу «Алтын стафилококк» бактериялары пайда кылат. Бул оору кичинекей балдарда көп кездешет, анткени алардын кекиртеги кичинекей жана шишиктен улам оңой эле бөгөттөлөт. Жөтөлдөн тышкары, дене табы, дем кысылуу жана дем алганда жогорку жыштыктуу үн пайда болушу мүмкүн.

КАРЫШМА ЖӨТӨЛ (КӨК ЖӨТӨЛ)

Көк жөтөл жөтөлгөндө пайда болуучу үндөн улам ушундай деп аталып калган. Бул Bordetella pertussis (көк жөтөл таякчасы) бактериясы пайда кылган, курч инфекциялык жөтөл. Негизинен ал 1 жаштан 5 жашка чейинки курактагы балдарда өнүгөт. Балаңыз дем чыгарып жатканда 5тен 10 жолуга чейин катуу жөтөлүп, андан кийин дем алууга аракет кылганда кырылдак үн чыгарса, бул көк жөтөл экенин аныктай аласыз.

КЫРЫЛДАК ЖӨТӨЛ

Кырылдоо дем алганда балада жогорку жыштыктуу, катуу ышкырган үн пайда болоорун түшүндүрөт. Бул респиратордук аллергия, астма, өнөкөт кептелме өпкө оорусу жана башка ушул сыяктуу ден соолукка байланыштуу ар кандай көйгөйлөрдүн кесепети болушу мүмкүн. Эгер бала дем алганда же жөтөлгөндө ышкыруучу үн чыгарса, педиатрдан консультация алууну сунуштайбыз.

Бул маалыматтардын бири дагы дарт аныктоо үчүн жетиштүү эместигин дагы бир жолу белгилей кетебиз. Ошондуктан, өзгөчө кенже курактагы балдар үчүн дарыгерден консультация алуу жана текшерүүдөн өтүү сунушталат.

Балаңыз жөтөлгөндө эмне кылуу керек?

Кашель у детей

Ата-эне катары, биз негизинен өзүбүзгө караганда, балабыздын ден соолугуна олуттуу мамиле кылабыз. Мындан тышкары балабыздын ден соолугуна тынчсызданып, дарыгерге кайрыла турган негизги себептердин бири жөтөл болуп саналат.

Эгер жөтөл өз алдынча дарыланууга ылайык болсо, Гербион жардам бере алат. Жөтөлдүн түрүнө жараша биз балдар жана бүтүндөй үй-бүлө үчүн ылайыктуу ар кандай сиропторду жана пастилкаларды чыгарууга адистешкенбиз.

Эгер балаңыз катуу жөтөлүп, ал узак убакыт (3 жумадан ашык) сакталса, жөтөл азайбаса же бир жума өз алдынча дарылануудан кийин күчөсө же ооруну билдирген башка симптомдор болсо (мисалы, дене табынын көтөрүлүшү), анда медицина кызматкерине кайрылуу керек.

Балам үчүн кайсы жөтөлгө каршы сироп ылайык келет?

Балаңыздагы жөтөлдүн түрүнө жараша, тагыраак айтканда, бул кургак жөтөл же какырык жөтөл экенине жараша, бизде гербион бака жалбырак сиробу, гербион чырмоок сиробу, жана гербион эрте гүлдөгүч сиробу бар.

КУРГАК ЖӨТӨЛДҮ ДАРЫЛОО

Гербион бака жалбырак сиробу балаңыздын жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары пайда кылган, кургак, дүүлүктүрүүчү жөтөлүн дарылоо үчүн колдонулат. Ал сезгенүүгө каршы жана бактерияга каршы таасирге ээ. Ал бака жалбырактын, гүлкайырдын маңыздарын жана С витаминин, ошондой эле накта апельсин даамын камтыйт, бул дарыны ичүүнү ар бир бала үчүн жагымдуу кылат.

КАКЫРЫК МЕНЕН ЖӨТӨЛДҮ ДАРЫЛОО

Эгер балаңызда какырык менен нымдуу жөтөл болсо, анда гербион чырмоок сиробун же гербион эрте гүлдөгүч сиробун колдонуу туура тандоо болот. Биздин гербион чырмоок сиробубуз какырык жөтөлдө жөтөлүп какырык түкүрүүгө жардам берет жана дем алуу жолдорун былжырдан тазалоону жеңилдетүү менен, көптөгөн таасирге ээ. Сироп лимон мелиссасынын накта жытынын аркасында жагымдуу даамга ээ жана курамында кант жок.

Ушул сыяктуу эле, гербион эрте гүлдөгүч сиробу дагы какырык менен жөтөлдү дарылоодо жардам берет. Эрте гүлдөгүчтүн жана көкөмерендин тамырынын маңызы жөтөл менен коштолгон, суук тийүү ооруларында өзгөчө пайдалуу. Сироп көкөмерендин накта чөп даамына ээ.

Жөтөл менен күрөшүү боюнча жалпы сунуштар жана ата-энелерге кеңеш

Балаңыз кичине кезинде күтүүсүздөн жөтөлүп башташы толук мүмкүн. Ага тез жана натыйжалуу жардам берүү үчүн даяр болуу абдан жакшы. Сиз билишиңиз керек болгон айрым жагдайлар:

  • Бул маалымат жетишсиз болсо дагы, изилдөөлөр уктаардан мурун бир аш кашык бал жесе, 1 жаштан улуу балдарда жөтөлдү жеңилдетүүгө болот жана түнкү жөтөлдү жеңилдетүүгө жардам берет.
  • Эсиңизде болсун, антибиотиктер бактериялар же инфекциялар пайда кылган жөтөлдү гана дарылайт, вирустар пайда кылган жөтөлдү дарылоого ылайык келбейт.
  • Биз натыйжалуу өсүмдүк дары-дармектеринин жардамы менен балдардын жөтөлдү жеңүүсүнө жардам бере алабыз.

Тынчсыздануу керекпи?

Жөтөл – бул балдардагы кадимки көрүнүш, негизинен бул тынчсыздануу үчүн шылтоо эмес, бирок аны абайлап жана өз убагында дарылоо керек. Жөтөлдүн ар кандай түрлөрү бар, Гербион жөтөлдүн бардык түрлөрүн дарылоо үчүн чечимдерди сунуштайт.

Гербион жөнүндө макала

Жөтөл балаңызды уктатпай жатабы?

Көбүрөөк

Жөтөл менен күрөшүүдө сизге жардам бере турган 6 кеңеш

Көбүрөөк

Вирус менен жөтөлдүн ортосунда кандай байланыш бар?

Көбүрөөк

Каршы көрсөтмөлөрү бар. Колдонуунун алдында нускама менен таанышып чыгыңыз.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto