Жөтөл менен күрөшүүдө сизге жардам бере турган 6 кеңеш

Жөтөл жагымсыз көрүнүш болушу мүмкүн. Ал жашооңуздун көптөгөн аспекттерине таасирин тийгизет, мисалы, күндүн пландарын бузат, дүүлүгүү сезимин жана уйку көйгөйүн пайда кылат. Бактыга жараша, чоң адам же бала экениңизден көз карандысыз, жөтөлгөндө жардам берүүнүн көптөгөн жолдору бар. Пайдалуу боло турган, өзүнө жардам берүү боюнча ар кандай кеңештер жана рецептсиз берилүүчү дары-дармектер бар.

Чоңдордо жана балдарда жөтөлдү дарылоо үчүн мыкты каражаттардын айрымдары төмөндөгүлөр:

Жоопкерчиликтен баш тартуу: Бул блогдогу маалымат кесипкөй медициналык консультацияны, дарт аныктоону же дарылоону алмаштыруу катары арналган эмес жана түшүндүрбөйт. Бул жерде берилген бардык материалдар жалпы таанышуу үчүн гана арналган. Ден соолуктун абалына же дарыланууга байланыштуу жаралган бардык суроолор боюнча, ар дайым дарыгериңизге же башка медицина кызматкерлерине кайрылыңыз.

6 советов

Чай – сиздин мыкты досуңуз

Чай – бул бейтаптын мыкты досу деп айтууга болот. Пайдалуу касиеттеринин узун тизмесине ээ болуу менен, чай жөтөлдө жакшы жардамчы болот. Жетишүү өлчөмдө суюктук ичүү жөтөлдөгү дүүлүгүүнү азайтат. Бул коюу былжырды суюлтууга жардам берет, жөтөлүп какырык түкүрүүнү жеңилдетет.

Чайлар дары өсүмдүктөрүн камтышы мүмкүн. Эгерде сиз өзүңүз чогултуп жана кургаткан дары өсүмдүктөрдү колдонсоңуз, аларды коопсуз колдонуу, даярдоо жана дозалоо жөнүндө ишенимдүү маалыматты табууну кеңеш кылабыз.

Суук тийүүдө жана жөтөлдө төмөндөгү өсүмдүктөрдөн чайлар көп колдонулат:

  • кара шилби гүлдөрү (Sambucifl os)
  • ак гүл гүлдөрү (Matricaria chamomilla L.)
  • гүлкан тамыры (Ahhaeae radix)
  • гүлкайыр гүлдөрү (Malvae flos)
  • жөкө дарак гүлдөрү (Tiliae flos)
  • жапайы ит мурун (ит мурун мөмөсү, Rosa canina)

Абаны нымдаңыз

Бөлмөлөрдү ар дайым, өзгөчө суук тийгенде же жөтөлгөндө желдетүү маанилүү. Абанын кургак болбогону да пайдалуу, анткени кургак бөлмө мурун менен тамакты өпкөгө чейин кургатат. Пайдалуу чечим – бул бөлмөгө абаны нымдагычты орнотуу же буу ингаляторун колдонуу болуп саналат. Ошондой эле буу менен чайынмада жуунсаңыз дагы болот.

Эфир майларын колдонуңуз

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эфир майларын колдонуу суук тийүү симптомдорун азайтууга жардам бериши мүмкүн. Алар мурундан бөлүп чыгаруулардын өлчөмүн көбөйтөт жана какырыктын консистенциясын жакшыртат. Алардын айрымдары микробго каршы касиеттерге ээ. Муну менен катар, эфир майларын кичинекей балдарга жана жогорку сезгичтикте колдонуу сунушталбайт.

6 советов

Көпчүлүк эфир майларын жөтөлдү жана суук тийүүнү дарылоо үчүн колдонууга болот. Мисалы, көкөмерендин эфир майы жөтөлдө жана жалпысынан респиратордук оорулар менен күрөшүүдө көп колдонулат. Карагайдын, кызыл карагайдын, кипаристин же эквалипттин эфир майлары дагы пайдалуу болушу мүмкүн. Эвкалипттин эфир майынын курамында эвкалиптол бар, ал былжырды жөтөлүп какырык түкүрүүдө жана сезгенүүнү азайтууда жардам бериши мүмкүн. Жалбыздын майы дагы көп колдонулат, анткени ал жөтөлдү жана мурун бүтүүнү жеңилдетет.

Эфир майларын кантип пайдаланууга болот: Эфир майларын дем алууга, ичүүгө же жергиликтүү колдонууга (териге сүртүү) болот. Бирок, белгилей кетсек, эфир майлары пайда кылышы мүмкүн болгон сезгенүүдөн же башка кыйыр таасирден оолак болуу үчүн, эфир майларын бадам, кокос, жожоба же зайтун майы сыяктуу алып жүрүүчү майлар катары белгилүү болгон, башка майлар менен суюлтуу керек. Эфир майлары жөтөлдү дарылоо үчүн колдонула турганын эске алуу менен, аларды ингаляция түрүндө колдонууну сунуш кылабыз.

Ингаляцияны колдонуу: идишке ысык суу (эң жакшысы кайнаган суу) куюп, бир нече тамчы эфир майын кошуп, башыңызга сүлгү жаап, сүлгүнүн алдында дем алыңыз. Ошондой эле ингаляция үчүн атайын түзүлүштөрдү колдонсоңуз болот (анын ичинде электр буу ингаляторлору жана буулагычтар). Бул түзүлүштөрдү колдонуу пайдалуу, анткени суу буусун дем алуу өпкөгө оң таасир тийгизет, анткени дем алуу жолдорун нымдайт.

Бошоңдотуучу ванна: Варианттардын бири – эфир майлары менен өзүнө жагымдуу, жылуу, бошоңдотуучу ваннаны даярдоо. 30 литр жылуу сууга 7-9 тамчы эфир майы жетиштүү. Ошондой эле сиз эфир майларын камтыган, ванна үчүн туздарды колдонсоңуз болот.

Бал

Бал көптөгөн пайдалуу касиеттерге ээ, анын ичинде жөтөлдө пайдалуу экени белгилүү. Уктаар алдында бир чай ашык бал жеп алуу сунушталат. Бирок этият болуп жана 1 жаштан кичине балдарга бал бербеш керек, анткени анда ымыркайлар үчүн зыяндуу бактериялар болушу мүмкүн.

Уктап жатканда денениниздин турушу тууралаңыз Уктап жаткандагы туура поза сизде же балаңызда жөтөлдү жеңилдетиши мүмкүн. Вертикалдуу абалда уктоо мурунда жана тамакта секретти бөлүп чыгарууну жакшыртат. Бирок абайлаңыз, башты өтө бийик көтөрбөңүз, анткени бул моюнду оорутушу мүмкүн. Эгер балаңызда түнкү жөтөл байкалса, ушундай кылуу керек.

6 советов

Жөтөлдү дарылоо үчүн сиропту же пастилканы колдонуңуз

Жөтөлгөн учурда аны менен күрөшүүгө жардам бере турган дары-дармектер жаныңызда болгону жакшы. Жөтөлдүн түрүнө жараша, сизге жөтөлгө каршы же какырыкты чыгаруучу каражат керек болушу мүмкүн. Айырмасы, жөтөлгө каршы дарылар дүүлүктүрүүчү жөтөлдү токтотуу үчүн колдонулат, ал эми какыртуучу каражаттар дем алуу жолдорундагы ашыкча былжырды тазалоого жардам берет.

Бактыга жараша, Гербион жөтөлдүн эки түрү менен күрөшүүгө жардам бере турган, жөтөлгө каршы да, какыртуучу да каражаттарды да сунуштайт.

Эсиңизде болсун

Жөтөл абдан кыжырды келтирип, чоңдордо да, балдарда да көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн. Бактыга жараша, жөтөл менен күрөшүүнүн үйдө даярдалган дары чөптөрдүн кайнатмасынан тартып жөтөлгө каршы сиропту же пастилканы колдонууга чейин көптөгөн жолдору бар. Эсиңизде болсун, эгерде жөтөл өз алдынча дарыланууда 7 күндөн кийин азайбаса же күчөсө, анда дарыгерден консультация алуу сунушталат.

Гербион жөнүндө макала

Жөтөл балаңызды уктатпай жатабы?

Көбүрөөк

Балаңыз жөтөлгөндө тынчсызданышыңыз керекпи?

Көбүрөөк

Вирус менен жөтөлдүн ортосунда кандай байланыш бар?

Көбүрөөк

Каршы көрсөтмөлөрү бар. Колдонуунун алдында нускама менен таанышып чыгыңыз.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto