Жөтөл балаңызды уктатпай жатабы?

Уйку – бул бизге эс алуу үчүн берилген убакыт жана ден соолуктун чың болушуна шарт түзгөн маанилүү фактор. Уйку менен байланыштуу көйгөйлөр суук тийүү же башка инфекцияга кабылуунун жогорку тобокелдиги менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин билесизби?

Жөтөлдөн улам тынчы жок уйку

Тынчы жок уйкунун себептеринин бири курч жөтөл болуп саналат, ал көпчүлүк балдарда жана алардын ата-энелеринде уйкуну бузат. Жөтөлгөн балдардын болжол менен 88%ынын уйкусу бузулат, ал күн бою кесепетин көрсөтөт. Күнүмдүк иштерге маанайдын начардыгы, чарчоо, анын ичинде мектепте жетишкендиктин төмөндөшү, сабактан жана класстан тышкаркы иш-чаралардан калуу таасирин тийгизет. Ошондуктан биз болушунча тезирээк түнкү жөтөлдү жеңүүнү каалайбыз.

Жөтөл – бул дарыгерге кайрылууну негизги себептеринин бири. Эгер балаңыздагы жөтөлгө тынчсыздануу керекпи деп ойлонуп жатсаңыз, бул макаланы окуңуз (шилтеме).

Түнкү жөтөлдүн себептери

Түнкү жөтөл астма, постназалдык синдром же инфекциядан кийинки (инфекциядан кийинки мезгилде) жөтөл, психогендик жөтөл ж.б. сыяктуу ар кандай себептерге ээ болушу мүмкүн. Эгер балаңыз түнкүсүн гана жөтөлсө, педиатрдан консультация алууну сунуштайбыз, ал негизги себебин аныктап, тиешелүү дарылоону дайындайт.

Негизинен жөтөл түнкүсүн гана эмес, туруктуу байкалат. Жөтөлдү төмөндө көрсөтүлгөндөй, интенсивдүүлүгү боюнча жана жыштыгы боюнча сүрөттөөгө болот. Ошондой эле ал уйкуга жана күнүмдүк ишке ар кандай таасирин тийгизет.Body text

КүндүзгүТүнкү
Жөтөл жокЖөтөл жок
Жөтөлдүн саналуу эпизоддору (жөтөлдүн кыска убакыттык курч кармашы, күнүнө 1 же 2 жолу)Жөтөл уйкуну бузбайт
Күн бою сейрек жөтөл (кыска убакыттык эпизоддор, күнүнө > 2 жолу)Жөтөл уйкуну бузат, бир түндө ≤2 жолу
Күнүмдүк ишке тоскоол болбогон, тез-тез жөтөлЖөтөл уйкуну бузат, бир түндө >2 жолу
Күнүмдүк ишти төмөндөтүүчү, тез-тез жөтөлУйкунун көп бузулушу
Баланын кадимки иш менен алектенүүсүнө тоскоол болгон катуу жөтөлБаланын уктап кетишине тоскоол болгон жөтөл

Түнкү жөтөлдө балага кантип жардам берүүгө болот?

Балаңыз уктап жатканда анын денеси горизонталдуу абалда турат. Суук тийүүдө мурунда кармалган былжыр тамакка өтүп, дүүлүктүрүп, ушундан улам бала жөтөлүп ойгонот. Мындай учурда жардам берүүнүн жакшы жолу – бул моюн жана баш көтөрүлгөн абалда уктоо. Ыңгайлуу болуш үчүн, кошумча жаздыкты пайдаланууну кеңеш кылабыз. Бирок, абайлаңыз, баланын башын өтө бийик көтөрбөңүз, анткени бул моюнда ооруну жана ыңгайсыздыкты пайда кылышы мүмкүн.

Эгер уктоочу бөлмөдө аба кургак болсо, абаны нымдагычты колдонууга болот. Мындай жол менен дем алган абанын нымдуулугун жогорулатууга болот, бул дем алуу жолдоруна жакшы таасирин тийгизет.

Түнкүсүн жөтөлгөн балдарга жардам берүүнүн дагы бир жолу – бул жөтөлгө каршы дары-дармектерди колдонуу. Алар жөтөлдүн түрүнө жана себебине жараша эки топко бөлүнөт.

Биринчи түрү жөтөлгө каршы дары каражаттары (же “жөтөлгө каршы дары-дармектер”) катары белгилүү, алар кургак, дүүлүктүрүүчү жөтөлдү (былжыр бөлүнүп чыкпаган жөтөл) тынчтандырат. Экинчи топ – бул какыртуучу каражаттар, алар ашыкча былжырды суюк кылып жана жөтөлүп какырык түкүрүүнү жеңилдетип, аны организмден чыгарууга жардам берет. Какыртуучу каражаттар нымдуу какырык үчүн мүнөздүү болгон, былжырды ашыкча чыгарууда пайдалуу.

Жөтөлдү дарылоодо Гербион сироптору сыяктуу рецептсиз берилүүчү дары каражаттарын колдонуу аркылуу балаңызга жардам бере аласыз. Эгер балаңызда какырык менен нымдуу жөтөл болсо, биз гербион чырмоок сиробу же гербион эрте гүлдөгүч сиробун, а эгер кургак жөтөл болсо, анда гербион бака жалбырак сиробун колдонууну сунуштайбыз.

Гербион жөтөл менен кантип күрөшө алат?

Гербион

Гербион чырмоок сиробу чырмооктун жалбырактарынын кургак маңызынан турат жана лимон мелиссасынын жагымдуу даамына ээ. Чырмоок маңызы бронхторду бошоңдотот жана какырууну – организмден былжырды бөлүп чыгарууну жеңилдетет, мунун аркасында жөтөлдөн тез арылууга жардам берет. Эгер сиз сироп эмес, башка дары формаларын кааласаңыз, 6 жаштан улуу балдар гербион чырмоок пастилкаларын колдонсо болот. Алар карамель жана цитрус өсүмдүктөрүнүн даамына ээ жана тиштерге жабышпайт. Сироптун да, пастилканын да курамында кант жок.

Гербион эрте гүлдөгүч сиробу эрте гүлдөгүчтүн жана бакча көкөмеренинин тамырынын маңыздарынан алынган татаал курамга ээ. Маңыздарда колдонулган өсүмдүктөр былжырды суюлтуп жана аны какырууну жеңилдете турганы менен белгилүү, ошондой эле бронхтордун бошоңдоосуна шарт түзөт. Сироп жагымдуу көкөмерен даамданат.

Эгер балаңыз уктай албаса, анткени аны кургак, дүүлүктүрүүчү жөтөл тынчсыздандырып жатса, гербион бака жалбырак сиробунун жардамы менен тынчтандыра аласыз. Эки сироп тең жергиликтүү таасир берүүчү табигый жөтөлгө каршы каражаттар болуп саналат (жөтөл борборун баспайт).

Гербион бака жалбырак сиробу апельсин даамданат. Ал С витамини кошулган, бака жалбырактын жана кадимки гүлкайыр гүлдөрүнүн өсүмдүк маңыздарын камтыйт. Сироп жогорку дем алуу жолдорунун инфекцияларын коштогон, кургак жана дүүлүктүрүүчү жөтөлдү жеңилдетүү үчүн сунушталат. Ошондой эле ал сезгенүүгө каршы жана антибактериялык таасирге ээ.

Тынч уйку үчүн жөтөлдү жок кылуу

Жөтөл күнүмдүк иштерге тоскоол болуп, балдардын жана ата-энелердин уйкусун бузушу мүмкүн. Жөтөлгөндө балага жардам берүүнүн бир нече жолдору бар, анын ичинде уйку режимин жөнгө салуу, аба  нымдаткычтарды жана Гербион сыяктуу, жөтөлгө каршы дары-дармектерди колдонуу. Эгерде жөтөл бир жуманын ичинде кетпесе, педиатрдан консультация алуу сунушталат.

Гербион жөнүндө макала

Вирус менен жөтөлдүн ортосунда кандай байланыш бар?

Көбүрөөк

Жөтөл менен күрөшүүдө сизге жардам бере турган 6 кеңеш

Көбүрөөк

Балаңыз жөтөлгөндө тынчсызданышыңыз керекпи?

Көбүрөөк

Каршы көрсөтмөлөрү бар. Колдонуунун алдында нускама менен таанышып чыгыңыз.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto