Вирус менен жөтөлдүн ортосунда кандай байланыш бар?

Жөтөл ар кандай факторлордун, көбүнчө вирустук респиратордук инфекциянын кесепети болушу мүмкүн.

Жөтөл негизинен жогорку дем алуу жолдорунун инфекцияларынын симптомдору болуп саналат. Бул инфекциялар сасык тумоо, суук тийүү, фарингит (тамактын сезгениши аталышы менен белгилүү), тонзиллит (алкым бездеринин сезгениши) же синусит (мурун кобулдарынын сезгениши) түрүндө болушу мүмкүн. Бирок вирустук инфекция деген эмне экенин түшүнүүдөн мурун вирустар эмне экенин жана ал кантип жуга турганын түшүнүү керек.

ВИРУСТАР ДЕГЕН ЭМНЕ?

Вирустар – бул эң кичинекей микроорганизмдер, аларды микроскоптун жардамы менен гана көрүүгө болот, анткени алардын узундугу диаметрде болгону 200-400 нанометрди түзөт. Вирустар тирүү жандыктар деп эсептелбейт, анткени тирүү организмден тышкары, башкача айтканда, бизден, адамдардан, тышкары көбөйө алышпайт.

ИНФЕКЦИЯНЫН ЖУГУУ ЖОЛДОРУ?

Курч инфекциядан кийин жөтөлдү пайда кылышы мүмкүн болгон, 200дөн ашык вирус бар экенин билесизби? Мисалы, кадимки суук тийүүнү риновирустар жана коронавирустар пайда кылат. Ушул сыяктуу эле, грипп жана парагрипп вирустары дагы жөтөл менен курч респиратордук ооруну пайда кыла турган кеңири таралган түр болуп саналат.

Бирок жалпысынан инфекциянын жугушу кандай болот? Вирустар организмге ар кандай жолдор менен кириши мүмкүн. Респиратордук вирустар көбүнчө мурундун же ооздун былжыр чели аркылуу кирет. Андан кийин алар клеткаларга өтүп жана аларды вирустун жаңы көчүрмөлөрүн түзүү үчүн колдонушат.

ИНФЕКЦИЯ КАНДАЙ ТАРАЛАТ?

Дем алуу системасынын вирустук инфекциялары адамдар арасында оңой таралышы мүмкүн. Таралуу жолдорунун бири – бул кол тийгизүү, башкасы – тамчы менен (жөтөлгөндө же чүчкүргөндө) же аэрозолдук (абадагы инфекциялык бөлүкчөлөр). Инфекциялар колдун гигиенасын сактабагандыктан, инфекция жуккан адам менен тыгыз байланыштан же жабык коомдук жайларда көп убакыт өткөрүүдөн улам тез таралышы мүмкүн.

Мисалы, жөтөлгөндө биз майда тамчыларды чыгарабыз, алар башка адамдарга жуктурууга жөндөмдүү вирустарды камтышы мүмкүн.

Вирусы

ЖӨТӨЛДҮ КАНТИП ЖЕҢҮҮ КЕРЕК

Жөтөлдү дарылоодо биз көбүрөөк эс алууну, көп өлчөмдө суюктук ичүүнү (көп суу жана жылуу чай ичүү), ошондой эле жөтөлгө каршы сироп же пастилкалар сыяктуу, рецептсиз бериле турган дары-дармектерди колдонууну кеңеш кылабыз. Дал ушул жерде Гербион жардамга келет. Кургак жөтөлдө дүлүгүүнү азайтуу үчүн гербион бака жалбырак сиробу же мыкты вариант болуп саналат. Инфекция жуккандан бир нече күндөн кийин, дем алуу жолдору былжыр бөлүп чыгарып башташы мүмкүн, ал коюу жана жөтөлүп какырык түкүрүү кыйын болот. Мындай учурда былжырды дем алуу жолдорунан чыгаруу оңой болгондой, аны суюк кылуу керек. Былжырды жөтөлүп какырык түкүрүүнү натыйжалуу жеңилдетүү үчүн биз гербион чырмоок сиробун, гербион чырмоок пастилкаларын же гербион эрте гүлдөгүч сиробун колдонсок болот.

Вирусы

Дагы бир кеңеш максималдуу коопсуздукту камсыздоо жана инфекциянын таралышынын алдын алуу. Эгер колубузду ар дайым жууп, жөтөл гигиенасын сактап (бул чыканакка  же жүз аарчыга жөтөлүүнү же чүчкүрүнүүнү түшүндүрөт) жана башка адамдар менен тыгыз байланышты же жолугушууларды азайтсак, вирустук респиратордук инфекциялардын жаратылыш чектей алабыз.

Жогорку дем алуу жолдорунун инфекцияларынын симптомдору негизинен 3төн 14 күнгө чейин созулат. Эгер жөтөл сакталып жана өз алдынча дарылаган 7 күндөн кийин азайбаса, дарыгерден консультация алуу керек.

Эсиңизде болсун

Жөтөл негизинен вирус пайда кылган, дем алуу жолдорунун инфекциясынын кесепети болуп саналат. Жөтөлдү пайда кыла турган көптөгөн вирустар бар.

Башка жагынан алганда, жөтөлдүн алдын алуучу чаралары жана гигиена инфекциянын таралышын токтотууга жардам бере алат, ал эми жөтөлдү дарылоодо табигый дары-дармектер жөтөлгө байланыштуу көйгөйлөрдү натыйжалуу жок кылууну камсыздайт.

Гербион жөнүндө макала

Жөтөл балаңызды уктатпай жатабы?

Көбүрөөк

Балаңыз жөтөлгөндө тынчсызданышыңыз керекпи?

Көбүрөөк

Жөтөл менен күрөшүүдө сизге жардам бере турган 6 кеңеш

Көбүрөөк

Каршы көрсөтмөлөрү бар. Колдонуунун алдында нускама менен таанышып чыгыңыз.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto